9-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 10 учур катталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.
Бишкекте – 1
Ош облусу, Ноокат районунда – 1
Ош ш. – 3
Жалал-Абад облусунда (Сузак району – 4, Аксы району – 1) – 5
Жаӊы катталган учурлардын ичинен экөө медкызматкерде аныкталды.
Өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 280 адамга жетти. Алардын ичинен:
Ош облусунда – 98;
Жалал-Абад облусунда – 86;
Бишкек ш. – 36;
Ош ш. – 36;
Нарын облусунда – 10;
Чүй облусунда – 7;
Баткен облусунда – 4;
Ысык-Көл облусунда – 3.
Катталган учурлардын ичинен: 147 –аял, 133 – эркек, жаӊы 10 учурдун ичинен 3 аял, 7 эркек.