Нарын облусунун Ат-Башы районунда күйөөсү аялын атууга аракет кылып, болбогондо таш менен башын жара чапкан. Бул тууралуу «Теңдеш» кризистик борборуна таянып, Kaktus.media жазып чыкты.
Борбордун маалыматына караганда, аял февраль айында расмий жардам сурап кайрылган. Ал алыска жүк ташып иштеген күйөөсү такай кол көтөрүп, сабай турганын айтып, ажырашууну чечкенин билдирген.
«Жактоочудан кеп-кеңеш алган аял ажырашууга арыз жазган. Күйөөсүнүн ажырашкысы келген эмес. Соттук отурум белгиленип, бирок жолдошу келбей койгондуктан, отурум май айынын башына жылдырылган. Бул убакыт ичинде күйөөсү аялын көчөдөн кармап алып, бычак менен коркутуп, арызын албаса, өлтүрүп таштарын айтып, сабаган. Бул факт бирдиктүү реестрге катталган. Кишини кармашкан менен, сот өлкөдөн чыкпоого милдеттендирип, кое берип жиберген», -деп билдиришкен кризистик борбордон.
8-апрель күнү аял ажатканага чыкканда, күйөөсү кайра аңдып туруп кармап алган.
«Аялдын жанында 5 жаштагы кызы болгон. Күйөөсүндө мылтык бар экен. Кайым айтышуу башталган. Жолдошу аялына ок чыгарууга аракет кылган, бирок болгон эмес. Мындан улам, ал аялын таш менен башка чапкылап баштаган. Ызы-чууну уккан туугандары чыга калганда, күйөөсү качып кеткен. Азыр ал колу, мурду сынып жана башка жаракаттары менен ооруканада. Абалы орточо оор. Дарыгерлер Стамбул протоколун толтурушту. Күйөөсү али күнчө табыла элек», -деп билдиришкен борбордон.
Басылманын маалыматына караганда, тергөө жүрүп жатат, бирок эмнегедир шектүүнү кармаша элек. Аялдын үй-бүлөсү коркунучта экени айтылат. Мындан улам, «Теңдеш» кризистик борбору Нарын облустук ИИБинен жана облустук прокуратурадан шектүүнү табууга жардам сурайт.