Карантин бүтмөйүнчө ачылбай турган жайлардын тизмеси

Автор -

Бүгүн, 14-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков өзгөчө абал режимин 30-апрелге чейин узартуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Ага ылайык, карантин бүткөнгө чейин ачылышы пландалбаган жайлардын тизмеси жарыяланды. Алар:

— Балдар бакчалары жана кошумча билим алуу боюнча ар кандай секциялар;
— Мектептер, ЖОЖдор, орто окуу жайлары, колледждер, кесиптик окуу жайлар ишин дистанциялык режимде улантат;
— Оюн-зоок мекемелери, соода-сатык борборлору, дүкөндөр, ири базарлар, барлар, түнкү жана оюн клубдары, театрлар, музейлер жана кинотеатрлар.

«Ал эми азык-түлүк дүкөндөрү жана күнүмдүк жашоого керектүү товарлары сатылган базарлар, дарыканалар өз ишин улантат», — деп кабарлашты республикалык штабдан.

Эскерте кетсек, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына жана Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал 25-мартта киргизилген. Бүгүн, 14-апрелде  Нарын шаары менен Ат-Башы районуна дагы өзгөчө абал киргизилери белгилүү болду.