Коронавирус: бир сутка ичинде 13 бейтап чыгарылды

Автор -

Бир сутка ичинде жалпысынан 13 бейтап ооруканадан айыгып чыгарылды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын ичинде:
Ош ш. – 2
Бишкек ш. – 3
Нарын облусу – 4
Ыссык-Көл облусу – 4

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 91 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Каза тапкандардын саны — 5. Кыргызстан боюнча обсервацияда 872 адам жатат. Стационарда – 370, алардын ичинен реанимацияда – 4.