Коронавируска каршы күрөшүү боюнча эсепке 125,4 млн сом түштү

Автор -

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча административдик эсепке 125,4 млн сом келип түштү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 15-апрелине (саат 17.00) карата Кыргызстандын аймагындагы коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү үчүн ачылган администрацияланган эсепке жалпысынан 125 млн 404 миң 486 сом акча каражаты түштү.

Ачылган эсепке келип түшкөн акча каражаттар жана алардын сарпталышы тууралуу маалымат онлайн режиминде help.covid.kg сайтына жайгаштырылган.

Бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 466 адамга жетти. Алардын ичинен 91 адам айыгып чыкса, 5 адам каза тапты.