26-апрелде Дубай-Бишкек каттамы боюнча чартердик рейс уюштуруу маселеси иштелип жатат. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, КР Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын алып кетүү үчүн БАЭнин авиациялык бийлиги менен биргеликте иштөөдө.
Бул маселе чет өлкөлөрдөн мекендештерибизди кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында КР Президентинин тапшырмасынын негизинде чечилүүдө.
Ошондой эле КР жарандарын БАЭден эвакуациялоо үчүн 3-майда жана 5-майда кошумча каттамдарды уюштуруу тууралуу алдын ала макулдашуу жетишилди.