Жети медицина кызматкери коронавирус жуктурду, баары — 147

Автор -

Бир сутка ичинде 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын ичинен: Ош шаарында – 2, Ош облусунда – 2, Бишкек шаарында – 3 учур.

21-апрелге карата тастыкталган COVID-19 диагнозу менен жалпысынан 147 медициналык кызматкер катталган. Алардын ичинен:

Дарыгерлер — 42
Орто медперсонал — 61
Кенже медперсонал- 24
Башка кызматтагы жарандар — 20

Бүгүнкү күндө, бардыгы болуп 13 кызматкер айыгып, ооруканадан чыгарылган. Алардын ичинен, 6 – дарыгер орто медперсонал – 5 жана эки башка кызматтагы жарандар.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Н. Үсөнбаевдин айтымында, айыгып чыккан дарыгерлер кайрадан жумушка чыгып, иштеп жатышат.