Боронов: Бир үй-бүлөгө 800 сомдук азык-түлүк топтому даярдалат

Автор -

Калктын аярлуу катмарын колдоо үчүн 122 миллион сом бөлүнөт. Бул туурасында бүгүн, 21-апрелде Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны учурунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал белгилегендей, аз камсыздалган жарандарды колдоого алуу жана аларга даректүү көмөк көрсөтүү боюнча тутумдуу иш жүрүүдө.

«Калктын социалдык жактан аз камсыздалган катмарына колдоо көрсөтүү боюнча иш ыкчам жүргүзүлүп, ар бир муктаж үй-бүлө жардамсыз калбашы керек. Жакын арада чыккан Өкмөттүн чечими менен 122 миллион сом калктын аяр катмарын колдоого алуу үчүн бөлүнүүдө. Бир үй-бүлөгө 800 сомдук азык-түлүк топтому даярдалат. Учурда аларды жеткирүү маселеси каралууда», -деди Боронов.

Ал ошондой эле, учурда мекенине кайта албай жаткан чет өлкөдөгү мекендештерди колдоого алуу, алардын жашоосу үчүн убактылуу шарттарды түзүү, тамак-аш менен камсыздоо максатында Кыргызстандын Бириккен Араб Эмиратындагы элчилигине – 5 миллион сом, ал эми Россия Федерациясындагы элчиликке 10 миллион сом бөлүнгөнүн кабарлады.

«Бул каражат жашоосунан жана тамак-аштан кыйналып турган кыргызстандыктарга жардам берүүгө багытталды. Биздин дипломатиялык өкүлчүлүктөр мекендештер туш болгон маселелерди чечүүнүн үстүндө иштеп жатат», — деп белгилеген биринчи вице-премьер-министр.