Өлкөгө 760 тонна буудай алынып келинди

Автор -
Кыргызстанга Россиядан сатып алынган 11 вагон — 760 тонна дан эгини алынып келинди.  Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жакынкы күндөрү өлкө аймагына дагы 53 вагон (3,6 миң тоннадан ашуун) буудай келүүсү күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Россия Федерациясындагы азык-түлүк корпорациясы менен 33 миң тонна буудай сатып алуу боюнча келишимге кол койгон. Бүгүнкү күндө анын 1800 тоннага жакыны келди.
«Сатып алынган буудайдын курамындагы белоктун көрсөткүчү жогору. Учурда Мамлекеттик материалдык резерв фондунда буудайдын запасы жетиштүү. Өлкөдө дан жана ун таңсыктыгы жок», -деп билдиришет өкмөттөн.