Кыргызстанга Түркиядан 349 адам кайтып келди. Сүрөттөр

Автор -
243

Бүгүн, 24-апрелде «Манас» эл аралык аэропортуна Стамбулдан келген учак конду. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Чартердик рейс Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы аба каттамдары токтотулгандан бери мекенине кайта албай жаткан 349 кыргыз жаранын алып келген. Алар Бишкектеги «Достук» мейманканасына обсервацияга жаткырылат.

«Чет жакта калган мекендештери кайтаруу  иши уланат», -деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда, Республикалык штаб Түркиядан келгендердин санын 351 адам деп көрсөттү.

Белгилей кетсек, 17-апрелде Стамбулдан 212 кыргызстандык алынып келинип, алардын бирөөсүнөн коронавирус табылган.