Кой-Таш окуясы боюнча бүгүнкүгө белгиленген соттук отурум айрым жактоочулардын келбегенине байланыштуу жылдырылды. Бул туурасында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева социалдык тармакта билдирди.
Отурум бүгүн, 29-апрелде саат 10:00дө Биринчи май райсотунда башталмак. Жолдубаеванын айтымында, Алмазбек Атамбаев сотко келген.
«Кийинки отурум 6-майга белгиленди. Экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко алып келишкен. Ал бардык тарапташтарына салам айтты. Кан басымы мурункудай эле төмөн», -деди Жолдубаева.
Эске сала кетсек, буга чейин да соттук отурум бир нече жолу жылган.