Кыргызстандын тышкы карыздар боюнча жеңилдиктерди берип туруу өтүнүчүн донорлор түшүнүү менен кабыл алды. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда вице-премьер Эркин Асрандиев билдирди.
Анын айтымында, Кытайдын «Эксимбанкы» кайрылууну колдогон.
«Кредиторлор түшүнүү менен мамиле кылууда. Өткөн аптада президент Кытай Эл Республикасынын лидери менен Экспорт-импорттук («Эксимбанк») банкынын алдындагы карыздын мөөнөтүн жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Билишимче, алар биз күткөндөй жооп берип, «Эксимбанктын» өкүлдөрү биздин адистер менен байланышка чыкты. Учурда иш башталды», — деди Асрандиев.
Ал эми башка карыз берүүчүлөр менен дагы Париж клубунун алкагында насыя мөөнөттөрүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.
Париж клубу — кредит берүүчү болуп эсептелген өнүккөн өлкөлөрдүн өкмөттөр аралык бейрасмий уюму. Анын милдети — өнүгүп келе жаткан өлкөлөр кредиттик милдеттерин аткара албай калган учурда жардам катары насыя шарттарын жеңилдетип берүү.