2020-жылдын 5-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 13 учуру катталды, алардын бири — медайым. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Жаңы учурлар төмөнкү аймактарда табылды:
Бишкек ш. – 8
Нарын облусу — 5 (бирөө медицина кызматкери).
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 217 учур катталды, алардын ичинен 150 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Өлкө боюнча оору жуктургандардын жалпы саны — 843. Айыгып чыккандар — 600. Каза тапкандар — 11.






























