Коронавирусту көчөдө жүрүп жуктурган учурлар көп чыга баштаса, анда мурунку чектөөлөргө кайтабыз. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда, саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев журналисттерден түшкөн «Жаңы катталгандардын арасынан көчөдө жүргөндөр барбы?» деген суроого жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, жаңы чыгып жаткандардын көбү — Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан текшерүүгө алынып, үй карантининде отургандар.
«Биз оорулууларды тыкыр текшерип, кимдер менен байланышта болгонун таап чыгып, аларды үй карантинде кармап, ошол жерден тыкыр текшерүүдөн өтүп жаткан учурда кармап келип жатабыз. 228 учур үй шартында жугузуп алгандар, үй-бүлө мүчөлөрү. Бул сан жалпы оору жугузгандардын 25-30% түзүп коюп жатат. Мындан тышкары иш үстүндө жугузгандар болуп атат. Оору жугузган адам менен байланышта болуп, бирок билинбей калган бирин-экин учурлар катталбай койбойт. Анткени, кээ бири ким менен байланышта болгонун билбей калат. Же көңүл бурбай, ал жөнүңдө маалымат бербей койгон учулар болот. Биз андай учурда атайын кызматтын жардамы менен контакт болгондордун баарын таап чыгып, изилдөөлөрдү алып барып, ошол учурду басканга аракет кылып жатабыз. Оору бейтапка кимден жукканы табылбай калган бирин-экин учурлар да бар», -деди министрдин орун басары.
Анын айтымында, азыр эпидемиологиялык абал туруктуу чыңалган мүнөздө турат. Көрсөткүчтөр кескин ылдыйлаган тенденция байкала элек. Ошол себептен профилактикалык иш-чараларды өткөрүп, абалды курчутпоого аракет кылыш керек. Социалдык аралык, беткап тагынуу жана өздүк гигиена – оорунун алдын алууда абдан жөнөкөй, бирок өтө маанилүү эрежелер болуп саналат. Эгерде жарандар керектүү алдын алуу чараларын так сактабаса, оорунун экинчи толкуну башталышы мүмкүн.
«Жеңилдиктердин берилиши вирустун жугуу коркунучун көбөйтөт. Эл көчөгө көп чыкпай, социалдык обочолонууну карманышы керек. Ишин баштаган объектилер санитардык эрежелерди сакташы керек. Болбосо, 1-2 жуманын ичинде эле эпидемиологиялык абал начарлап кетиши мүмкүн. Эгерде көчөдө жүрүп жугуза баштаган учурлар катталып, жалпы элге коркунуч туула турган болсо, радикалдуу чараларды көрөбүз. Анда тез эле мурунку шарттарга келип калышыбыз толук ыктымал. Ошондуктан, бир сураныч, берилген сунуштарга көнсөк», -деди ал.