Том Круз космостон тасма тартышы мүмкүн

Автор -

Америкалык актер Том Круз NASA жана Илон Масктын SpaceX компаниясы менен космосто тартылуучу тасма боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, деп жазат Deadline.

Фильм космосто тартылган алгачкы укмуштуу окуялуу боевик болору күтүлөт.

Буга чейин Том Круз «Миссия невыполнима» тасмасын тартуу учурунда Дубайдагы бийиктиги 800 метрлик көк тиреген Бурдж-Халифага чыгып, коопсуздук чараларын көрбөй эле дүйнөдөгү эң бийик имараттын чокусунда отурган.

Ошондой эле саатына 300 чакырым ылдамдыкта бараткан учактын корпусунда илинип турган. Кийинчерээк актер бул көрүнүштү тартуу аз жерден анын өмүрүнө тете болуп кала жаздаганын Жимми Фэллонго берген маегинде мойнуна алган.