Москвада карантин 31-майга чейин узартылды

Автор -
234

Москва мэри Сергей Собянин коронавируска байланыштуу шаардагы чектөө чараларын 31-майга чейин узартты. Шаардыктарга мурдагыдай эле көчөдө сейилдөөгө, парктарда спорт менен машыгууга тыюу салынат. Айрым өндүрүш жана курулуш компаниялары ишин жандантат. Бирок, кызмат көрсөтүү тармагынын иши башталбайт.

Мектептер дагы ачылбайт. Бүтүрүүчүлөрдөн башка окуучуларга баа 15-майга чейин коюлат. Аралыктан окуу 31-майга чейин уланып, бирок баа жана үй тапшырма берилбейт. Ал эми 9-11- класстын окуучуларынын экзамен тапшыруусу боюнча кошумча маалымат берилет.

Буга чейин жолдо жүрүүгө алынган уруксат кагаздар 31-майга чейин жарактуу болуп кала берет. Собянин 12-майга чейин коомдук транспорт жана жайларда милдеттүү түрдө беткап, колкап кийип жүрүү керек экенин билдирди.

Мэрдин айтымында, Москвада коронавирус жуккандар расмий статистикада көрсөтүлгөн 93 миң кишиден үч эсе көп, 300 миңге жакын болушу мүмкүн. Орусия 7-майда акыркы суткада дагы 11 миң адамдан илдет табылганын билдирип, коронавирус эң көп таралган өлкөлөрдүн бешинчи сабына чыкты. Өлкө боюнча 177 миң киши COVID-19 илдетинен жабыркады.

Алардын арасында ондогон кыргызстандык мигранттар да бар экени айтылууда. Так саны азырынча белгисиз.