Президент орто жана узак мөөнөттүү кризиске каршы чаралар боюнча өз сунуштарын берди

Автор -

Бүгүн, 11-майда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктү посткризистик мезгилде калыбына келтирүү маселелери талкууланды.

Президент учурдагы кырдаалда ишкерликти колдоого багытталган чараларды өз маалында ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи. Ал бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана экономиканын артыкчылыктуу секторлорун колдоо керектигин белгилөө менен орто жана узак мөөнөткө багытталган өнүгүү стратегиясын кайрадан карап чыгуу боюнча өлкө өкмөтүнө бир катар сунуштарын айтты.

Президент бул кризистен кийинки мезгилге бизнеске түрткү берүүчү чараларды күчтөндүрүүгө жана ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоого көңүл бурду.

«Импортко көз карандылыкты азайтуу экономикалык гана маселе эмес, бул өлкөнүн тамак-аш коопсуздук маселесин да камтыйт. Учурдагы кризис шартына жараша талап кылына турган ата мекендик товар өндүрүүчүлөр үчүн колдоо көрсөтүү механизмдерин дыкат иштеп чыгуу керек», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле ал орто жана чакан бизнеске узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыяларды берүү жана экономиканы зарыл болгон өтүмдүүлүк менен убагында камсыздоонун маанисин белгиледи.

«Атаандаштыкта биздин артыкчылыктарга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Мисалы, экологиялык жактан таза азык-түлүк продукциясын өндүрүү, санарип кызматтарды көрсөтүү, электрондук соода жүргүзүүнү киргизүү, рекреациялык жана медициналык туризм, жеке коргонуу каражаттарын өндүрүүгө окшогон тармактарды колдоо», — деди президент.

Сооронбай Жээнбеков санарип экономиканы тездетилген түрдө киргизүү зарылдыгын белгилеп, дүйнөлүк пандемия санарип технологиялар чөйрөсүндө суроо-талапты жана перспективаларды да көрсөткөндүгүн кошумчалады. Санарип технологияларды кеңири колдонуу, ишкерлер үчүн түшүнүктүү жана ыңгайлуу эрежелерди иштеп чыгуу, онлайн кызмат көрсөтүүлөрдү күчөтүү, салык мыйзамдарын либералдаштыруу мунун баары бизнеске болгон административдик басымды жана бюрократияны азайтат.

Президент ошондой эле бизнес-ассоциациялардын ролун күчөтүүгө, жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга, ички инвестицияларга стимул берүүгө көңүл бурду.

«Жаңы чакырыктарды эске алуу менен инвестициялык стратегияны карап чыгуу зарыл. Пайда болгон жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана артыкчылыктарды убагында колдонуп калуу үчүн, инвесторлорго оңой жана түшүнүктүү эрежелерди сунушташыбыз керек», -дейт мамлекет башчысы.

Ал ошондой эле экономикалык зыянды баалоо жана жаңы чакырыктарды эске алуу менен, өлкөдөгү ишкерликти өнүктүрүү жана жаңы колдоо программаларын иштеп чыгууну сунуштады.

«Биз ишкердиктин жаңы чөйрөсүн, жаңы маданиятын, жаңы шарттарын жаратышыбыз керек. Ошондуктан, өкмөт ишкерлер менен биргеликте уникалдуу өнүгүү мүмкүнчүлүгүн аныктаган жаңы стратегияны иштеп чыгуу үчүн атайын жумушчу топ түзүшү зарыл», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал бүгүн укуктук финансылык чөйрө классикалык банктык кредит берүүгө гана шартталганын кошумчалады.

«Кризистик абалда, экономика «коопсуздук жаздыкчасы» жоктугунан, узун жана арзан финансылык ресурстарга муктаж. Буга байланыштуу кластердик долбоорлорду каржылоого максаттуу инвестициялык фонддордун түзүлүшү жана кеңири колдонулушу үчүн тийиштүү чөйрөнү түзүү керек экендигин өзгөчө белгилейм», — деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Жолугушууда бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү түзүлгөн кырдаалда ишкерлер туш болуп жаткан көйгөйлөр жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрүн кызыктырган актуалдуу маселелер жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү боюнча конкреттүү сунуштарын айтышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөткө кыска жана узак мөөнөттүү кризиске каршы программаларды иштеп чыгуу процессине бизнес коомчулугун активдүү тартууну сунуш кылды.