Баткен облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, зилзала кечээ, 11-майда саат 16:26да болгон. Жер титирөө Кадамжай районунун Жаны-Коргон айылында жана Айдаркен шаарында, Баткен районунун Сары-Талаа айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок