Нарында сутка ичинде 6 медкызматкерден коронавирус аныкталды

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча Нарын облусунда 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде стационарлардан 6 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 241 учур катталды, алардын ичинен 186 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

2020-жылдын 12-майына карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 1037 учуру катталды. Айыгып чыккандар — 709 адам. Ооруканада дарыланып жаткандар — 316. Каза тапкандар —12.