Сапар Исаковду №8 абактан кайра №1 СИЗОго которушту

Автор -

Кыргызстандын мурунку премьер-министри Сапар Исаковду Петровка айылындагы абактан Бишкектеги №1 СИЗОго которушту. Бул тууралуу КСДП төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди бүгүн, 12-майда шаардын Биринчи май райондук соту кабыл алган.

«Пандемия шартында жана ал жакта [Бишкектеги №1 СИЗОдо] коронавирус болушу мүмкүн деген акыркы билдирүүлөргө байланыштуу бийликтин мындай иш-аракети кооптондурат», — деп жазды ал.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан бул маалыматты тастыкташты.

«№8 түзөтүү абагына которулган мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду СИЗО-1ге кайра которуу чечими чыкты. Исаковдон жана дагы 7 кишиден анализ алынат», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бир нече күн мурда №1 СИЗОнун бир кызматкеринен коронавирус табылганы расмий айтылган. Ошондой эле УКМКнын 9-кызматынын мурунку кызматкери, учурда №1 СИЗОдо кармалып турган Канат Сагымбаев акыркы күндөрү өзүн жаман сезип жатканын, жанындагы 13 камералашында да сасык тумоонун белгилери бар экенин билдирген.