ТИМ: Чет жактарда мекенине кайтууну каалаган 9 миңдей кыргызстандык бар

Автор -

Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал киргизилген учурдан тарта Кыргызстанга чет жактардан 9 196 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

Учурда дүйнөнүн 58 өлкөсүндө дагы 8 миң 712 кыргыз жараны мекенине кайтуучу күндү күтүп жатышат.

«Бүгүнкү күндө чек аралардын жабылышынан жана авиабилдирүүлөрдүн токтошунан улам биз кыргызстандыктарды мекенине кайтарып алуу боюнча жолдорду издеп жатабыз», — деп билдирди тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков.

Анын айтымында, акыркы 12 күндүн ичинде Кыргызстанга чет мамлекеттерден 995 жаран кайтып келди.