ЖАМК: Сапар Исаков менен Канат Сагымбаевден коронавирус аныкталган жок

Автор -
390

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин №1 убактылуу кармоочу жайдагы ( СИЗО-1) бир нече тарапташынан коронавируска ПЧР анализ алынды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков жана  Мээрбек Мискенбаев, Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, УКМКнын 9-кызматынын мурунку кызматкери Канат Сагымбаев, ошондой эле Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев жана Рыспек Карыпбек уулунан кечээ, 12-майда, анализ алынган.

«Баарынан COVID-19га карата ПЧР анализ алынды. Баары терс жыйынтыктарга ээ болду», -деп билдирет мекеме.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМКнын 9-кызматынын мурунку кызматкери Канат Сагымбаев өзүн жаман сезип жатканын жана дагы 13 камералашында сасык тумоо сыяктуу белгилер болуп жатканын билдирген. Алардын ден соолугун текшертүү өтүнүчүн ЖАМК жетекчилиги укпай жатканын кошумчалаган.