Бир сутка ичинде 71 бейтап коронавирустан айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү брифинг учурунда билдирди.
- Бишкек ш. – 55;
- Жалал-Абад облусу – 11;
- Нарын облусу – 2;
- Баткен облусу – 3.
Республика боюнча жалпы 898 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Жалпы жуктургандардын саны 1 243 адамга жетти. Каза тапкандар -14.