Чүй облусунда үй карантининде 1347 адам турат

Автор -

Бүгүнкү күндө Чүй облусунда үй карантининде 1347 адам турат, 5608 адам үй карантининен чыгарылды. Бул туурасында Өкмөттүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан облус боюнча 300 адам обсервацияда жатат.

«26-марттан баштап, 30 мобилдик топ иштеп жатат, резервде 12 мобилдик топ бар, алардын курамына жалпысынан 168 кызматкер тартылган. Учурда облустун аймагында бир гана «Ак-Тилек автодорожный» өткөрүү пункту иштеп жатат, чек ара аркылуу кирген жарандардан экспресс-тест жана ПЧР анализи алынат», -деп билдирди аткаминер.

Өзгөчө кырдаал режими киргизилген учурда Чүй облусунда жалпысынан 330дан ашык пост уюштурулган. Бүгүнкү күндө облус боюнча посттордун саны 9га чейин кыскартылды.