21-майдан баштап ишмердүүлүгүн жанданта тургандардын тизмеси

Автор -
232

Республикалык штаб карантин учурунда уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктөрдүн тизмесин жарыялады.

21-майдан баштап ишмердүүлүгүн жанданта тургандар:

  • Калкты тейлөө борборлору, паспорттоштуруу жана ЖААК бөлүмдөрү, “Унаа” Мамлекеттик мекемеси;
  • Калкты тиричиликтик жактан тейлөө борборлору: бут кийим, саат оӊдоо, эмерек чогултуу жана оӊдоо;
  • Соода-сатык чөйрөсү:
  • Соода борборлору  (соода-оюн-зоок борборлорунда жайгашкан балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын, коомдук тамактануу (фуд-корт) түйүндөрүнүн ишмердүүлүгүн кошпогондо);
  • Азык-түлүк эмес товарларды сатуу дүкөндөр жана пункттар (мурунку баскычтарга кирбеген түрлөр);
  • автоунаа базарлары;
  • мал базарлары.
  • Менчик (жеке) репетиторлордун кызмат көрсөтүүлөрү;
  • Менчик үй-бүлөлүк мончолордун жана СПА-борборлордун кызмат көрсөтүүлөрү, (коомдук мончолорду жана сауналарды кошпогондо);
  • Мейманканалардын ишмердүүлүгү (бассейндерди жана спортзалдарды кошпогондо).