Бүгүнкү күндө коронавирус боюнча абал-көзөмөлдө. Жаңы учурлардын баары байланышта болгон адамдарды кеңири издөө ишинин арты менен аныкталды, деп билдирди бүгүн, 20-майда, саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Анын айтымында, бүгүнкү 27 учурдун жетөө сырттан келгендерден табылды:
- Москвадан — 5;
- Самарадан — 1;
- Тажикстандан -1;
«Ал эми калган 20 адам вирус жуктуруп алгандар менен байланышта болгону тастыкталды», -деди аткаминер. Алардын тогузу Нарындагы медицина кызматкерлери экени брифингдин жүрүшүндө белгилүү болду.
Бүгүнкүгө карата өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 1 270 адамга жетти. Алардын ичинен 910 адам айыгып чыкты. Ооруканаларда 346 адам дарыланууда. Каза тапкандар -14.