Шашылыш билдирүү! Каракол-Эңилчек унаа жолунда кар көчкү түшөт

Автор -

Каракол-Эңилчек унаа жолунда кар көчкү түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 21-майынан 22-майына чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт.

Мындан улам, министрлик айдоочулардан унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону жана малчылардан малдарын жайлоого чыгаруусун убактылуу токтотуп турууну өтүнөт.