2020-жылдын 21-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 43 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
- Бишкек ш. – 22 (бирөө Санкт-Петербургдан келген);
- Ош ш. — 5;
- Чуй облусу — 1;
- Ош облусу — 4;
- Нарын облусу — 8;
- Баткен облусу — 2.
Республика боюнча коронавирус жуктургандардын саны 1 313 адамга жетти. Айыгып чыккандар — 929.