Казакстанда акыркы сутка ичинде коронавирус жуктурган жаңы 363 учур катталды. Бул туурасында бүгүн, 22-майда, өлкөнүн коронавирус менен күрөшүү штабынан билдиришти.
Маалыматка караганда, эң көп учур Караганда облусунан чыккан – 130 адам, Нур-Султан шаарында – 54, Алматы – 35, Шымкент – 31, Атыраус облусу – 25, Алматы облусу – 24, Түркестан облусу – 20, Актөбө облусу – 9, Кызылордо облусу – 9, Батыш-Казакстан облусу – 8, Акмола облусу – 7, Жамбыл облусу – 7, Костанай облусу – 3, Түндүк-Казакстан облусу – 1.
Бардыгы өлкөдө 7 597 адам вирус жуктуруп алды, алардын 35и каза тапса, 3 843 адам айыгып чыккан.