Нарын облусундагы катуу шамал маданият үйүн чатырсыз калтырды

Автор -
402

Нарын облусунун эки районунда катуу шамал катталып, маданият үйүнүн жана эки дүкөндүн чатырын учуруп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

2020-жылдын 25-май күнү саат 19:30 чамасында Ак-Талаа районунун Терек, Баетов, Кайыңды-Булак, Байгөнчөк, Үгүт айылдарында ылдамдыгы болжол менен 20 м/с жеткен шамал катталган. Шамалдын кесепетинен Баетов айылынын Манас көчөсүндө кийим-кечек саткан «Манас», азык-түлүк саткан «Алинур» жана «Минутка» ашканасынын чатырларын учуруп кеткен.

Ошол эле күнү саат 18:00 чамасында Ат-Башы районунун аймагында ылдамдыгы болжол менен 25-27 м/с жеткен шамал катталып, шамалдын кесепетинен Ак-Жар айылындагы Маданият үйүнүн 192 ч.м. чатырын, ошондой эле Жаркынбаев №103 дарегинде жайгашкан сарайдын 72 ч.м. чатырын учуруп кеткен.

Жерине райондук Өзгөчө кырдаал бөлүмү жана ЖК комиссиясы барып, тактоо иш-чараларын жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Бүгүн, 26-май күнү, ЖК комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.