Садыр Жапаровдун издөөдөгү эжеси Польшадан кармалды

Автор -
217

Эл аралык издөөгө, анын ичинен Интерпол аркылуу да издөөгө алынган
Райкүл Жапарова Польшадан кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Жапарова Райкул Нуркожоевна 2014-жылдын 22-октябрында жана  2015-жылдын 3-апрелинде, «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу», «Алдамчылык», «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган.

Ички иштер министрлиги тарабынан Райкүл Жапарова эл аралык издөөгө, анын ичинен Интерпол аркылуу издөөгө алынган. Интерполдун маалыматы боюнча, Р. Жапарова 2020-жылдын  22-майында Польшанын аймагынан кармалган.

Азыркы учурда, Башкы прокуратура тарабынан Р. Жапарованы Кыргызстанга экстрадициялоо маселелери чечилип жатат.