Түркия жергиликтүү авиакомпаниялардын эл аралык аба каттамдарын жандантууну чечти. Биринчи этапта 70 мамлекетке каттам жөнөтүү планы иштелип чыкты. Бул тууралуу turizmguncel.com порталы жазды.
Эл аралык каттам ишке аша турган биринчи мамлекет Түндүк Кипр болот. Ал жакка учактар 1-июндан баштап уча баштайт.
Планга ылайык, 10-июнда түрк авиакомпаниялары Бахрейн, Болгария, Катар жана Грецияга учууну жандантышат. Германия, Австрия, Азербайжан, Чехия, Литва, Швейцария, Япония, Түндүк Македония, Венгрия, Польша, Румыния жана Сербияга каттамдар 15-июндан башталат.
Нидерланды менен Казакстанга 20-июндан тарта учак каттайт.
[ads-quote-center cite=»]Ал эми Кыргызстанга Түркия 22-июндан тарта учактарын жөнөтөт.[/ads-quote-center]Түрк учактары бара турган акыркы мамлекет АКШ болот. Ал жакка каттамдар 1-сентябрдан тарта жанданат.
Портал бул план Түркия тараптан гана максатталып жатканын, учууларды иш жүзүндө аткара башташ үчүн экинчи мамлекеттин да макулдугу керектигин белгилейт.