Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жубайына бензин чачып, өрт коюп жиберген жаран 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу жабырлануучунун жактоочусу Эсения Рамазанова билдиргенин Super.kg жазды.
Жактоочу бул мөөнөттү аз деп эсептей турганын кошумчалады.
«Бул жаранга коюлган берене боюнча айыпталуучуга эң минималдуу 12 жыл берилиши керек болчу. Бирок сот 7 жарым жыл берди. Биз соттон 20 жыл сураганбыз. Бул айыпталуучу мурда дагы аялын бычак көтөрүп өлтүрөм дегени үчүн соттолуп, анын эки жылы калган. Бирок сот негедир аларды эске алган жок. Биз эми облустук сотко кайра арыз менен кайрылабыз», — деген жактоочу.
Окуя ушул жылдын 4-январында болгон. Анда Маман айылынын 35 жаштагы тургуну Ч.Н. жарандык никедеги аялы Б.С.га пикир келишпестиктен улам, бетине бензин чачып, күйгүзүп жибергенден кийин окуя болгон жерден качып кеткен.
Келин алган жаракатынан улам, Ысык-Көл областтык бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылып, күйөөсү 2 айга камакка алынган. Тергөө иштери жүрүп жаткан учурда, 2020-жылдын 7-февралында, келин кайра тосмо арыз жазып бергени белгилүү болгон.