Бүгүн, 4-июнга карата, Кыргызстанда дагы 28 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын бирөө Ысык-Көл облусунун тургуну экени айтылды.
Turmush басылмасы Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору Мирбек Сагынбаевге таянып билдиргендей, коронавирус аныкталган жаран Жети-Өгүз районунун 1997-жылы туулган тургуну.
Ал 22-25-май күндөрү Бишкек шаарында болчу. Андан кийин Ысык-Көл облусуна келип, жентек той өткөргөн. Тойго 20 киши барган.
«Алардан да анализ алынып, үй карантинде болушат», -деген Сагынбаев басылмага.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган облуста 14 кишиден коронавирус аныкталып, алардын баары айыгып чыккан.