Таласта мэрия кызматкери пара менен кармалды

Автор -

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Талас мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси камалганын кабарлады. Мекеме 9-июнда тараткан маалыматка караганда, 29 жаштагы кызматкер пара алып жаткан учурда кармалды:

«Такталгандай, кармалган адам муниципалдык жер боюнча ижара мөөнөтүн узартуу үчүн жеке ишкерден акча талап кылган. Сотко чейинки териштирүү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 326-беренесинин (пара талап кылуу) негизинде катталды», — деп билдиришти комитеттен.

Атайын кызмат билдиргендей, кылмышка шектүү адам Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМКнын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2018-2020-жылдар аралыгында коррупция боюнча 940 кылмыш иши козголду. Анын 104ү «Пара талап кылуу», «Пара алуу» деген беренелердин негизинде каттоого алынган.