Бишкекте 12-июнга карата жалпысынан 710 адамдан коронавирус табылды. Республикалык штабдын маалыматына таянсак, алардын ичинен жүз учур Россия Федерациясынан кайтып келген курсанттардан чыккан.
Бүгүнкү күнгө карата 603 адам ооруканалардан айыгып чыгып, 6 адам каза болду. Демек, ооруканада дагы 101 бейтап калды.
Шаардын вице-мэри Татьяна Кузнецованын 12-июнда берген брифинги учурунда COVID-19 аныкталган 162 адам Бишкек шаарындагы 25 конуштун жашоочулары экени белгилүү болду. Ал эми шаардын борбордук бөлүгүндө илдет жуккан жарандардын көпчүлүк бөлүгү кичи райондордо жашайт:
- 12 кичи районунда — 15 адам,
- «Жал» кичи районунда – 15 адам,
- «Аламедин-1» кичи районунда – 5 адам,
- Фучик көчөсүндө 6 адам жашайт.
Вице-мэр белгилегендей, Бишкек шаарында коронавирус менен жалпы тастыкталган учурлардын ичинен 63 жаран өздөрү кайрылгандар. Ал эми 34 учурдун булагы такталбагандыктан, шаардык санэпидкөзөмөл борбору изилдөөнү улантып жатат. Айрым жарандар вирусту коомдук жайлардан — базардан, соода борборлорунан, коомдук транспорт жана автобустардан жүктуруп алганын айтышкан.