Сузакта күйөөсүнөн зомбулук көргөн аял аны кечиргенин айтты

Автор -
295

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда күйөөсүнөн зомбулук көргөн аял аны кечиргенин айтып, милицияга тосмо арыз жазып берди. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан журналисттерге кабарлашты.

Бирок башкармалык жабырлануучунун тосмо арызына карабастан, факт боюнча тергөө иштери улана турганын кошумчалады.

12-июнда социалдык тармактарда тараган видеодо эркек киши моюнуна таштар салынган эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы көрсөтүлгөн.

Окуя боюнча 47 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

13-июнда зомбулук көрсөткөн 51 жаштагы киши 15 күнгө камалган.

Бул боюнча маселе 14-июнда өкмөткө караштуу Аялдар иши жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйында талкууланды. 15-июнда парламент имаратынын алдында аялдарын укугун коргоо акциясы өттү.