Өткөн сутка ичинде 36 жаштагы бир бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 17-июнда, брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, бейтап Бишкек шаарындагы базарлардын биринде жашылча-жемиш сатып иштеген. Оорунун белгилери болгонуна карабай, өз алдынча дарыланган.
«1984-жылы төрөлгөн бейтап 11-июнда Бишкек шаарынан Жалал-Абад облусунун Сузак районуна тажияга катышууга барган экен. Ошол жерден абалы кескин начарлап кетип, облустук ооруканага кайрылган. 13-июндан тарта инфекция бөлүмүнө алып келип, дарылоо башталып, күндөн-күнгө ахыбалы начарлап, реанимациялык иштерди жасаганга карабастан, кечээ каза болуп калды. Кийин билингендей, ал Бишкекте жүргөндө дагы оорунун белгилери бар болгон, бирок медицина кызматкерлерине кайрылбай, өз алдынча дарыланган, антибиотик ичкен, дене табын түшүргөн. Ошол абалына карабай Жалал-Абадга тажияга барган экен. Рентгенге түшүргөндө эки тараптуу пневмония аныкталды. Жасалма дем алдыруучу аппаратка да коштук. Бирок мындай иштерге карабастан, кечээ жүрөгү токтоп калды», -деди министрдин орун басары.
Ошону менен өлкөдө коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 30 кишини түздү.
16-июнда Ош облустук бириктирилген ооруканасында COVID-19 вирусу тастыкталганы менен, рак оорусунан каза болгон 53 жаштагы эркек киши жалпы статистикага киргизилди.