Бир сутка ичинде өлкө боюнча 24 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
• Бишкек ш. – 7
• Чүй облусунда – 8
• Ош ш. – 3
• Ош облусунда – 1
• Нарын облусунда – 3
• Талас облусунда – 1
• Жалал-Абад облусунда – 1
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 8 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 533 учур катталды, алардын ичинен 381 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.