Акыркы сутка ичинде 4 196 адамдын анализи текшерилип, алардын 207синен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
2020-жылдын 24-июнуна карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 3 726 учурга жетти. Анын ичинен 2082 адам айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.
«Учурда стационарда жаткандардын саны — 623, алардын ичинен 12 адам жандандыруу бөлүмүндө. Үй карантининде оорусу белгилери жок өтүп жаткандар — 979 адам. 42 киши оорудан каза тапты», -деди Каратаев.
Бүгүнкү күнгө карата COVID-19 аныкталган жарандар менен байланышта болгон жактардын саны – 15 065 адамга жетти.