Катуу шамал түрмөнүн жана айыл мектебинин чатырын учуруп кетти

Автор -
214

Чүй облусунда болгон катуу шамал түрмөнүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Москва районунда кечээ, 23-июнь күнү, саат 12:00 чамасында ылдамдыгы секундасына болжол менен 18 метрге жеткен шамал катталып, Беловодск айылындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №45 түзөтүү колониясынын имаратынын 185 ч.м. чатырын учуруп кеткен. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Жерине КР ӨКМнин Москва райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жана ЖК комиссиясы барып, тактоо иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Ал эми Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда 23-июнь күнү саат 16:30 чамасында катталган шамал айыл мектебин жана бир топ үйдү чатырсыз калтырды.  Тактап айтканда, Т. Мойдунов атындагы орто мектебинин 114 даана шифери, 7
турак үйдүн 26 даана шифери жана 122 ч.м. тунукеси, 3 чарбалык курулуштардын 140,8 ч.м. чатыры учуп кеткен.

Ошондой эле Тогуз-Торо айыл аймагында 9 турак үйдүн 248,5 ч.м. тунукесин жана 12 даана шиферин учуруп кеткен. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.