2020-жылдын 7-июлуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 450 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат жыйынында белгилүү болду.
Бишкек ш. – 229
Чүй облусу — 84
Ош ш. — 32
Ош облусу — 23
Жалал-Абад облусу — 47
Баткен облусу — 10
Ысык-Көл облусу — 13
Нарын облусу — 11
Талас облусу — 1
Республика боюнча коронавируска чалдыккандардын саны — 8141. Жалпы 2916 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 99 адам каза тапты.






























