Экс-муфтий, белгилүү дин аалымы Чубак Жалилов пневмониядан улам каза болду. Бул тууралуу анын санаалаштары билдирди.
Чубак ажы кечээ, 10-июлда, оор абалда Улуттук госпиталга жеткирилген. Аны кабыл алган дарыгерге таянып, «Азаттыктын» билдиргенине караганда, бейтап дарыгерлерден «дем алдырчу аппаратыңыздарды эртерээк туташтырасыздарбы» деп суранган.
Ага кычкылтек концентраторунан экөө дароо туташтырылган. Дарыгердин айтымында, бейтап ооруканага түшкөндөн бир сааттай убакыттан соң көз жумган.
Дарыгерлер Чубак ажы өпкөсү кагынып, буга чейин үйүндө дарыланып жатканын айтышкан.
Социалдык тармактагы расмий баракчасына жазылгандай, экс-муфтийдин жаназасы бүгүн, 11-июлда, болжол менен саат 16:00-18:00дө Базар-Коргон районуна караштуу Мундуз айылында өтөт.