Кыргызстанда сутка ичинде 5 медицина кызматкери каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда, Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
«Алардын төртөө дарыгер, бирөө медициналык кызматкер болгон», — деди ал.
Айтымында, медкызматкерлер «күнү-түнү иштеп жаткандыктан», арасында коронавирус илдетин жугузуп алгандар көбөйүүдө.
Кыргызстанда март айынан бери 11 117 адам коронавируска чалдыкса, алардын ичинде 1 781и медицина кызматкерлери.