Финансы полициясы тарабынан бааларды негизсиз кымбаттаткан дарыканаларга, монополисттик келишүүлөрдү түзүп алган физикалык тараптарга, кызыл кулак алып сатарларга карата чаралар күчөтүлөт. Бул тууралуу брифинг учурунда Кыргызстандын өкмөт башчысы Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтымында, учурда дары-дармектердин бааларын негизсиз кымбаттаткан фактылар, мыйзамсыз ташылып келген товарлар жана башкалар боюнча 27 факт катталды.
Медициналык каражаттардын (беткаптардын) баасын негизсиз кымбаттатканы үчүн 4 иш, мыйзамсыз ташып келүү боюнча 13 иш боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Кампаларда катып алып, дары-дармектердин жасалма тартыштыгын атайылап жасап жаткандар боюнча 2 иш боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Гепарин, левофлоксацин, азитромицин, физрастворлор, ингаверин, арбидол жана башка дарыларды кампага катып жаткан фактылар аныкталган.
Кымбат сатып жаткан алып сатарларга карата 8 факт Жоруктар кодекси боюнча өтүп жатат.