Тогуз-Тородо кытай жараны дайынсыз жоголду

Автор -

Тогуз-Тородо дайынсыз жоголгон кытай жараны изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-июль күнү министрликтин райондук бөлүмүнө 41 жаштагы кытай жараны 4 күндөн бери дайынсыз жок болуп жатканы тууралуу кабар түшкөн.

Ал Түндүк- Түштүк альтернативдик унаа жолун куруп жаткан «Чайна-Роуд» компаниясынын жумушчусу болгон.

14-июль күнү издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн КР ӨКМ №46 өрткө
каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган.