Ысык-Көл облусунун «Лекарь» дарыкана түйүндөрүнө 700 таңгак Азитромицин дарысы алынып келди. Бул тууралуу облустун ыкчам штабы билдирди.
Белгилеп кетсек, облустун штабынын чечимине ылайык, Азитромицин жана Гепарин дарылары дарыгердин дайындамасы менен жана бир адамга бир таңгактан гана берилет.
Ар бир дарыканага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкери бекитилип, ал сатылган дарыларды каттайт.
Дарыкана пункттарынын даректери:
Каракол шаарында:
№47 дарыкана, Токтогул/Абдрахманов көчөлөрү;
№50 дарыкана, Токтогул көч 116;
№61 дарыкана, Токтогул көч 263 кв. 21;
№70 дарыкана, Айдаш көч 47;
№75 дарыкана, Токтогул көч 106/4;
Балыкчы шаарында:
№42 дарыкана, Абдрахманов көч;
№53 дарыкана, Курмашев көч 55;
Бөкөнбаев айылында:
№54 дарыкана, Ленин көч 79/1;
№57 дарыкана, Б.Мамбетов көч;
Кызыл-Суу айылында:
Манас көчөсү 109 дарегиндеги №69 дарыкана.
Дарынын таңгагы 110 сомдон сатылат.