Коронавируска чалдыккан медкызматкерлердин саны эки миңден ашты

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 96 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү маалымат жыйынында белгилүү болду.

• Бишкек ш. – 42
• Чүй облусунда – 18
• Ош ш. – 7
• Ош облусунда – 4
• Жалал-Абад облусунда – 5
• Баткен облусунда – 5
• Ысык-Көл облусунда – 9
• Талас облусунда – 6

Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2076 учур катталды, алардын ичинен 583 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.