Сутка ичинде стационарда дарыланып жаткан 46 киши каза тапты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Алардын жетөөсүндө коронавирус инфекциясы лабораториялык түрдө тастыкталган. 39 киши пневмониядан каза тапкан.
Бишкек — 13
Ош шаары — 3
Чүй — 6
Жалал-Абад — 6
Ош облусу — 5
Ысык-Көл — 5
Баткен — 2
Нарын — 4
Талас — 2.
Каза тапкандардын жалпы саны 1169 кишиге жетти.