Акылбек Осмоналиев Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Өкмөт аппаратынын маалымдашты.
«Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койду», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Акылбек Осмоналиев Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап келген.